15-августтан тарта Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте баласын 1-класска каттоого жетишпей калган же каттоо учурунда көйгөй жаралган ата-энелерге көмөк көргөзүү үчүн атайын топ түздү.

Комиссиялык топ ата-энелерден келген арыздарды карап чыгып, тиешелүү микроучастогу боюнча катталуусуна байланышкан маалымат менен камсыз кылат. Аталган топ аптасына 2 жолу билим берүү бөлүмүнө келип, калтырылган арыздарды жеринде карап чыгат.

Ата-энелер иш күндөрү (дүйшөмбүдөн – жумага чейин) тиешелүү микроучастогу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө келип, арызын калтыра алат.

Арыздарды кабыл алуу эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин жүргүзүлөт.

Министрлик 15-августтан баштап буга чейин өз баласын мектепке ийгиликтүү каттоодон өткөргөн ата-энелер тиешелүү документтерин катталган мектебине тапшыра баштоосу керектигин эскертет.