Бишкекте аял №4 Шаардык перинаталдык борборго бара жаткан аял таксиде төрөгөн. Бул тууралуу маалыматты борбор калаадагы Тез жардам борборунан тастыкташты.

Дарыгерлердин айтымында, чакыруу бир күн мурун, 15-августта саат 10:16да түшкөн.

«22 жаштагы аялдын бул экинчи төрөтү. Кош бойлуулук кыйынчылыксыз өткөн. Ал каттоого алынып, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турган. Жаңы төрөлгөн баланын жана энесинин абалы канааттандырарлык. Чакыруу түшкөн  учурда бош бригадалар болбогондуктан, бул чакырууга реанимация бөлүмү жөнөтүлгөн», — деп белгиледи Тез жардам борбору.