АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын башкы ооруканаларына COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын жайылуусуна бөгөт коюу үчүн заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевадын катышуусунда өттү.

КР Улуттук госпиталы бейтаптардын жогорку дем алуу жолдорунда диагностикалык жана дарылоо манипуляцияларын аткарууга мүмкүнчүлүк бере турган жогорку технологиялык мобилдик видеобронхоскопго ээ болду. Чүй областтык ооруканасы чектелген шарттарда диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган мобилдик рентген-аппарат алды, ал эми Ош шаардык ооруканасына шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын тазалоо үчүн атайы дезинфекциялоочу камералар берилди. Жабдуулардын жалпы наркы 15 млн сомду (190 миң АКШ доллары) түзөт.

«Бул жабдуулар Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтөт жана биздин өлкөбүздүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого түрткү берет» — деди Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева.

Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Каи Адамстын айтымында, керектүү жабдууларды алып берүүгө жардам көрсөтүүдөн тышкары, USAID программалары ошондой эле медициналык кызматкерлерди керектүү билимдер жана көндүмдөр менен колдоого багытталган.

«Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен бүт өлкө боюнча жүздөгөн дарыгерлер, медайымдар жана башка кызматкерлердин компетенцияларын жана билимдерин жогорулатуу үчүн иштөөнү улантабыз», — деп белгиледи Адамс.

Коронавирус чыккан учурдан тарта USAID Кыргыз Республикасына пандемия менен күрөшкө жардам берүү үчүн 10 млн.дон ашуун АКШ долларын берди. Бул кычкылтек концентраторлору жана тестирлөө үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу медициналык жабдууларга кеткен 1,4 млн АКШ долларын камтыйт.

Бул жардам USAID «Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун чыңдоо» (LHSS) долбоорунун алкагында берилип жатат.