Коом

Жер өз огунун айланасында ылдамыраак айланууда

Жер өз огунун айланасында ылдамыраак айланып, рекорд койду. Эл аралык Жер айлануу жана маалымдама системалары кызматынын (IERS) маалыматы боюнча, планета 1,59 миллисекундга ылдамыраак айланган.

Учурда окумуштуулар планетанын айлануу ылдамдыгына эмне таасир эткенин так билбей тургандыгын айтышат.

Алардын айтымында, ылдамдыктын өзгөрүшү планетадагы бардык навигациялык системалардын, ошондой эле компьютерлердин, смартфондордун жана байланыш системаларынын иштешине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Планетанын ылдамдыгы 1973-жылдан бери өлчөнүп келет, окумуштуулар бул метриканы атомдук сааттар аркылуу таанып, ошону менен Жердин өз огунда айлануусун аяктоо үчүн канча убакыт талап кылынарын аныкташат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button