Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын куржуну дагы бир алтын медаль менен толукталды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Аталган байгени салттуу жаа атуу спорту боюнча Ынтымак Мурадил уулу утуп, намыска жараган. Бүгүн салттуу жаа атуу боюнча тайпалык беттештер жыйынтыкталып, сыйлоо аземи өтөт.

Белгилей кетсек, учурда Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары өтүп жатат. Ага жалпы жонунан 56 мамлекеттен келген 4 200 спортчу катышууда. Кыргызстандын делегациясынын курамында спорттун 16 түрү боюнча 158 киши бар.

Жалпысынан улуттук команданын куржунуна 21 медаль чогулду, анын ичинен сегизи алтын, алтоо күмүш жана жетөө коло.