Коом

Алымкадыр Бейшеналиев кызматына киришүүгө даяр экенин билдирди

Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш иши анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылды.

Тергөө ушундай тыянакка келгенин себеби, COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер Жогорку Кеңеш менен макулдашуу менен министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынгандыгы, ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эместиги жана бүгүнкү күндө республиканын калкы COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалгандыгы негиз болду.

Ошондой эле Кыргызстанда COVID-19 вакциналарына «Жеткиликтүү жана адилеттүү камсыз кылууга багытталган “COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында 2021-жылы КР өкмөтү тарабынан жумшалган чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан 13 млн 454 миң доллар өлчөмүндө орду толтурулган.

Ал эми А.Бейшеналиев өзү КР саламаттык сактоо министри кызматына келүүгө даяр экенин, болгону Президенттин чечимин күтүп жатканын билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин Президент Садыр Жапаров Бейшеналиевге карата  козголгон иштерге байланыштуу аны кызматынан убактылуу четтеткен чечим кабыл алган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button