Бүгүн, 17-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир
райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу
райондорунда, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп,
күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир
райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.