Кыргызстанда 23-августта теннис боюнча ири турнир баштала турганын Теннис федерациясынан маалымдады.

Маалыматка  караганда, мелдеш Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларынын биринде болот.

Уюштуруучулардын айтымында, анда эки ITF (International Tennis Federation) турнир болуп, өлкөдө биринчи жолу J3 категориясында мелдеш өтөрү белгиленди. Мындан сырткары, биринчи жолу 16 жашка чейинкилер арасында Азия мелдештери да уюштурулат. Буга чейин мындай турнир 14 жашка чейинкилер арасында гана өткөрүлчү.

18 жашка чейинки спортчулар ортосунда өтө турган турнирге 20дай мамлекеттен теннисчи келиши күтүлүүдө. Алардын арасында Түркия, Португалия, Испания, Кытай, Гонконг, КМШ өлкөлөрү, АКШ, Нигерия, Уганда мамлекеттери бар.

Спорттук иш-чара сентябрдын ортосуна чейин созулары айтылды.