Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатыр Канай уулунун 200 жылдык мааракесине карата Чуңкурчак жайлоосунда улуттук спорт мелдештери өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында 31-август күнү эл аралык ат чабыш марафону уюштурулат. Саяпкерлер таптаган мыкты күлүктөр тоо аралап 31 чакырым аралыкты чуркап өтүшү шарт. Жарыш Байтик айылынан башталып Чуңкурчактан аяктайт.

Жалпысынан тогуз байге коюлган, баш байге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир экени айтылды.

Мындан сырткары, ошол эле жайлоодо кыргыз күрөшү, ордо, салбуурун сыяктуу улуттук оюндар өткөрүлөт. Катышуучуларды каттоо процесси 30-августта саат 17:00дө аяктайт.