Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында улуттук кураманын капчыгына үчүнчү медалын алып келди.

Суучул бүгүн брасс боюнча 100 метр аралыкка сүзүүдө алтын медаль утту. Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,54 секунд болду.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин брасс боюнча 50 жана 200 метр аралыкта коло медалдардын ээси болгон.