Өзбекстан автоунаа чыгаруу боюнча Россияны басып өттү. Улуттук өнөр жай маалымат агенттигинин (NAPI) маалыматы боюнча, 2022-жылдын үч айында, тактап айтканда, апрелден июнь айына чейин Өзбекстанда жеңил унаалар Орусияга караганда көбүрөөк чыгарылган.

Маалыматка караганда, июнь айында өндүрүш көлөмү боюнча Өзбекстан Россияны 20,4 миң унаа менен кууп өткөн: Өзбекстан 34 миң, ал эми Орусия 13,6 миң автоунаа чыгарган.

Эгерде Өзбекстан автоөндүрүшүнүн учурдагы өсүү темпин сактап, Орусияда өндүрүш мурдагыдай деңгээлде кала берсе, анда 2022-жылдын аягына чейин өлкөлөр ортосундагы ажырым 100 миңден аз унааны түзүшү мүмкүн, дешет эксперттер.

Ошол эле учурда алты айдагы көрсөткүчтөр боюнча Орусия Өзбекстандан алдыга озуп кеткен – 160,4 миң автоунаага каршы 282 миң автоунаа. Бул январь айынан март айына чейин жакшы өндүрүштүк натыйжаларга байланыштуу. Анткен менен Орусияда автоунаалардын өндүрүшү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кескин кыскарган. Өткөн жылдын биринчи жарымында өлкөдө 725,3 миң, ошол эле жылдын июнь айында 119,4 миң автомобиль чыгарылган.

2022-жылдын июнь айында Россияда да жаңы жеңил унааларды жана коммерциялык унааларды (LCV) сатуунун төмөндөшү катталган. Алар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 82 процентке, башкача айтканда беш эсеге кыскарган.