Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ээлеген кызматынан четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев боюнча чечим качан кабыл алынарын билдирди.

Анын божомолу боюнча, Бейшеналиевди кызматта калтыруу же жумуштан бошотуу чечими кийинки жумада кабыл алынат.

Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан саламаттык сактоо министри болууга, жумушка чыгууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, кечээ 16-августта, Бейшеналиевдин жактоочусу ИИМ министрге карата козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары Бейшеналиевдин иш-аракетинен кылмыштын курамын таба алган эмес. Ошондуктан ал кайрадан cаламаттыкты сактоо министри болууга толук укуктуу.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козгоп, 2-июнда кармалганын маалымдаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Башкы прокуратура эл аралык жардамга карабай, Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынганын, ага карата жалпы жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Бул окуяга байланыштуу 25-июнда президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Бейшеналиев боюнча пикирин айтып, «экөөндө тең күнөө барын» билдирген.

Жапаров эки жетекчи тең ишинен убактылуу четтетилип, кайра Зулушев кызматка киришкенине, Бейшеналиев үй камагына чыгарылганына байланыштуу «соодалашуу жүргөн окшойт» деген күмөн ой жаратканы тууралуу суроого андай эмес деген таризде жооп берген.