Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда 10 же андан көп бала төрөп, чоңойткондорго «Баатыр эне» наамын берүү чечимин кабыл алды. Бул наамды алгандар 1 миллион рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм алууга укуктуу. Бул тууралуу президенттин жарлыгында айтылат.

“Баатыр эне” наамы Россиянын эң жогорку наамдарынын тизмесине “Россиянын Баатыры” жана “Эмгек Баатыры” наамдары менен кошо киргизилет.

Наам онунчу бала төрөлгөндө автоматтык түрдө берилбейт, бирок онунчу бала бир жашка толгондо жана ошол учурда калган тогуз баланын баары тирүү болгондо гана ыйгарылат. Наамды ыйгарууда Ата Мекенди коргоодо, жарандык, кызматтык же аскердик милдеттерди аткарууда, ошондой эле террористтик актылардын жана өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында дайынсыз жоголгон же курман болгон балдар, контузия, жаракат, оорунун натыйжасында каза болгондор көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынат,  деп айтылат документте.

Мындан тышкары, «Ата-эне даңкы» ордени менен сыйланган ата-энелердин бирөөсү (бала асырап алгандар) 200 миң рубль алат.

«Ата-эне даңкы» ордени Орусияда 2008-жылы негизделген. Ал үй-бүлөлүү ата-энелерге же жети же андан көп бала асырап алгандарга берилет.

СССРде «Баатыр эне» ардактуу наамы жана ушул эле аталыштагы орден 1944-жылы негизделген. Наам жана орден менен сыйлоо, бир мезгилде он жана андан көп бала төрөгөн жана тарбиялаган аялдарга ыйгарылып, 400 миңден ашык аял орден менен сыйланган.