Коом

Мурдагы президенттердин үйлөрүндө балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат

Кыргызстандын мурдагы президенттери Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин үйлөрүндө балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдө майыптыгы бар 200 миңдей жаран болсо, алардын ичинен 35 миңи балдар.

Майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык кызмат көрсөтүү жетишсиз болгондуктан Жибек жолу көчөсүндөгү Курманбек Бакиевдин жана Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттин менчигине өткөн үйлөрүндө балдар үчүн күнү-түнү иштеген реабилитациялык борбор ачылат.

Аталган үйлөрдө курулуш иштери башталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button