Айрымдар курултай Жогорку Кеңешке атаандаш болот деп ойлоп жатышат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде президенттин кеңешчиси, Элдик курултай жөнүндө Конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси, курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, парламент стабилдүү иштеп, мыйзам долбоорлорун талкуулап, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда – бул татаал процесс.

«Биз Жогорку Кеңеш менен курултайды чаташтырбашыбыз керек. Курултай жылына бир гана чогуу уюштурулуп, бир нече күнгө созулат. Конституцияга ылайык, президент жылына бир жолу курултайга отчет берет, ошондой эле башка ведомстволор дагы маалымат берген соң курултай өз баасын берип, сунуштарын айтат», — деп түшүндүрдү ал.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 16-августта “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Курултайдын биринчиси ушул жылдын 25-ноябрына белгиленген.