Кыргыз Республикасынын УКМК, «Тазалык» МИнын жооптуу адамдары тарабынан ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козгоп, акча каражаттарын чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схеманы аныктап, ага бөгөт койду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Тазалык» МИнын Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө иштебеген же кыскартылган жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан адамдарга кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө схемасын уюштуруп алганы аныкталган.

Бардык чыгарылып кеткен каражаттар схеманын уюштуруучулары тарабынан жеке муктаждыктарга бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири, «Тазалык» ишканасынын кызматкери депутат Ч.М. өткөн нааразылык акцияларынын демилгечилеринин бири болуп саналат, анын натыйжасында «Тазалык» МИнын жолго коюлган ишинде мүчүлүштүктөр болгон.

Кылмыш ишинин алкагында Ч.М. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат, – деп билдирди УКМКнын басма сөз ызматынан.