Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын Камчыбек Ташиевдин катышуусунда 18-августта Бишкек шаарында КР УКМКнын жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын ачылышы болду.

 Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ачылыш аземге УКМКнын жетекчилиги жана мекеменин өздүк курамы катышты.

“Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарына талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган”, – деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын төрагасы кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип, ошондой эле коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.