Коом
Январдан тарта аскер кызматкерлеринин айлыгы кайрадан көтөрүлөт
ӨКМдин аскер кызматкерлеринин айлыгын 2023-жылы көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов соцтармактагы баракчасында өтүп жаткан түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, быйыл кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлгөн.
«Президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы дээрлик 200% жогорулатылып, келерки жылдын январь айынан тарта аскер кызматкерлеринин айлыгы кайрадан көтөрүлөт», — дейт Шамырканов.