Кылмыш-кырсык

«Үмүт и Ко» ишканасын негиздөөчүсүнүн үйүнөн ок өтпөс машина, бир нече курал табылды

«Үмүт и Ко» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири А.Ж.Т. курал-жарак жана жарылуучу каражаттарды мыйзамсыз сактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

52 жаштагы жарандын иштеген жана жашаган жерин тинтүүдө атайын соттолгон БРДМ-2 машинасы 7,62 калибрлүү «Калашников» танк пулемёту менен, мындан сырткары, куралдар, ок-дары, жарылуучу каражаттар (Ф-1 гранатасы), сайсыз мылтык жана желим ок атуучу, сатууга тыюу салынган түрдүү калибрдеги куралдар алынган.

«Кармалган А.Ж.Т. күнүмдүк жашоосунда ар дайым аскердик форма (камуфляж) кийип жүрөрүн белгилей кетүү керек. Ал кандайдыр бир агрессияларга жакын болуп, жогоруда белгиленген куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн. Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ал УКМКга алып келинди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин («Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу») 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Алынган куралдар:

-БРДМ-2 (сооттолгон чалгындоо-күзөтүүчү машина) атайын техникасы;

-БРДМге орнотулган Калашников танк пулемёту (согуштук);

-Ири калибрлүү танкалык Владимир пулемётунун стволунун муляжы;

-АКСУ автоматы;

-Ок атуучу «Сайга» куралы жети бош магазини менен;

-Эки «Вепрь» автоматы 14 бош магазини менен;

-«Сайга 12К» куралы эки бош магазини менен;

-4,5 калибрлүү Hatsan пневматикалык куралы;

-12 калибрлүү сайсыз курал;

-«Тигр» винтовкасы;

-Fabarm үлгүсүндөгү курал;

-Ф-1 гранатасы;

-«Форд» желим ок атуучу тапанча үч магазини менен;

-планшет, ноутбук;

-миңге чукул ар кандай курал үчүн ок;

-үч ок өтпөс жилет;

-каска, кастет, рация;

Подозрение в хранении огнестрельного оружия и взрывчатки совладельца ОсОО Умут и Ко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button