Коом

Австрияда катуу шамалдан 5 адам каза болуп көптөгөн жарандар жаракат алышты

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, 18-августта Австриянын түндүк-чыгышында болгон бороондон кеминде беш киши каза болуп, көптөгөн жарандар жабыркады.

Жабыркагандардын арасында төрт жана сегиз жаштагы эки бала бар. Дагы 13 киши жараат алды. Бороон көптөгөн дарактарды кулатып, бир катар үйлөрдүн чатырларын талкалаган.

Ылдамдыгы 100 км/сааттан ашкан бороон Жер Ортолук деңизинин түндүк жээктеринен башталып, түштөн кийин альп өлкөлөрүнө чейин жеткен.

«Аба ырайынын кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, Австриянын улуттук темир жол компаниясы OBB Словения жана Италия менен чектешкен түштүктөгү Штирия жана Каринтия провинцияларынын басымдуу бөлүгүндө бардык поезддерди токтотууга мажбур болду», — деп айтылат  билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button