Коом

Акылбек Жапаров «Korea Telecom» корпорациясынын вице-президенти Пак Седжу менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Korea Telecom» корпорациясынын вице-президенти Пак Седжу жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бул сапар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана тараптардын орток кызыкчылыгына туура келген чөйрөлөрдө иштиктүү жана касипкөй иштерди жолго коюу жагынан алып караганда маанилүү жана жагымдуу көрүнүш болуп саналат.

«Атап айтканда, электрондук коммерцияны биргелешип өнүктүрүү ишкерлер үчүн шарттарды түзүүгө жана электрондук коммерция тармагынын туруктуу жана динамикалык өсүшүн камсыздоого мүмкүндүк берет», — деди Акылбек Жапаров.

«Korea Telecom» корпорациясынын вице-президенти Пак Седжу өз кезегинде жемиштүү кызматташууга жана телекоммуникация тармагындагы алдыңкы тажрыйба менен алымашууга даярдыгын билдирди.

Ал жолугушуунун катышуучуларына тиешелүү санариптик инфраструктураны түзүү, төлөм системаларын жакшыртуу жана финтех инновацияларын өнүктүрүүгө негизделген Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү жана айкындуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды берди.

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн эки жана көп тараптуу багыттарынын келечегин талкуулады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button