Коом

Аскердик институтта жоокер үй-бүлөлүк көйгөйлөрүнөн улам өзүнө ок чыгарган

Аскердик институтта жоокер үй-бүлөлүк көйгөйлөрүнөн улам өзүнө ок чыгарган. Бул туурасында өз булактарыбыз билдирди.

Жоокер аскердик милдетин өтөп бүтүп, сентябрда үйүнө кетүү алдында турган. Аскердик тил менен айтканда “дембель” болчу. Андыктан улуураактары тарабынан ур-токмокко алынып, ага чыдабай өзүнө кол салышы мүмкүн деген жоромолдор четке кагылат. Анын мындай кадамга баруусуна үй-бүлөлүк көйгөйлөрү түрткү болушу ыктымал.

Эске салсак, аскердик институтта аскерге чакырылган жоокер өзүн атып алганы тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Алардын маалыматы боюнча кайгылуу окуя кечээ саат 22.10дор чамасында болгону такталды.

“Аскер институтунун окуу процессин камсыз кылуу боюнча батальондун аскер кызматчысы кароолдо турганда өзүнө ок чыгарган. Ал алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Жоокер 19 жашта, Каракол шаардык аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Кызматтык териштирүү дайындалды. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ал эми 2010-жылдан бери күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн өзүнө-өзү кол салуусунун статистикасы төмөндөгүдөй:

2010-жылы 5 учур катталса, кийинки 2011-жылы эки эсе көп – 10 учур катталган. 2012-жылы 13 факты, 2014-жылы 8, 2015-жылы 5 окуя катталган. 2016-17-жылдары жылына 4 жолудан суицид катталса, 2018-жылы 1 учур, 2019-2020-жылдары жылына 5 тен өздөрүнө кол салуу фактылары катталган. 2021-жылы 3, 2022-жылы 5 учур катталды.

Статистиканы карасак буга чейин жылына ондон ашык да, бирин-экин да катталган учурлар болуп келген. Андыктан мында аскерлердин, айрыкча жаш жоокерлердин психикалык саламаттыгына көбүрөөк көңүл буруу багытында иштерди күчөтүү зарылбы деген тыянак чыгарса болчудай. Ошондой эле, ар бир учурда жалпылаштырбай, өзүнчө карап андан жыйынтык чыгаруу тийиштүү органдардын милдети.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button