Президенттин Иш башкармалыгын жетектеп барганы жетекчи Каныбек Туманбаевде тыным жок. Иштейм десе ишке тойбой турган мезгилде мыкты кадрлардын келиши ишти илгерилетет эмеспи. Чечилбей келген маселелерге чечкиндүүлүк менен киришип, чебер иштерди жасоону баштаганына баарыбыз күбө болуп жатабыз.

Иш башкармалыкка караштуу каралбай калган объектилердин буза тургандарын бузуп, жаңылап салып, жандуу иштерди баштаган Каныбек мырза, эми Ысык-Көл аймагындагы ишканаларды кыдырып жүрөт. Чындыгында Ысык-Көл облусунда каралбай, эскилиги жеткен, жаңылап салынса да жарытылуу көңүл бурулбай калган объектилер көп. Кыргызстанга туристтерди тартуу дал ушул Ысык-Көл тараптан башталаарын эске алсак, анда бул аймактагы иштерди жандантуу, эс алуу жайларын заман талабына шайкеш жасап чыгуу кечиктирилгис чаралардан.

Каныбек Туманбаевдин фейзбук баракчасындагы билдирүүсү:

“Ысык-Көл облусундагы Президенттин иш башкармалыгына караштуу объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып жүрөм. Каралбай калган имараттарга, тилкелерге көңүл бурулат. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлүбүздө туристтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүшүбүз керек, бизге тийешелүү тармак боюнча шарттарды жакшыртабыз”.

Булак: Чындык Медиа