Журналист Тынчтык Алтымышев Кыргызстандагы ар кандай кырсыктардан улам массалык өлүмгө дуушар болгон учурлар тууралуу Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Тектти өзгөртүүсүз беребиз:

«Адамдар – мамлекеттин негизги байлыгы. Бир адам кырсыктайбы, беш адам кырсыктан улам көз жумабы, айырмасы жок – бул мамлекет үчүн оор жоготуу. Тилекке каршы, ар кандай себептер менен жарандардын өмүрү кыйылган, улуттук трагедияга айланган кайгылуу окуялар мамлекеттерде болуп турат.
Эгемен Кыргызстаныбыздын тарыхында да кырсыктан улам болгон кайгылуу окуялар жок эмес. 30 жыл мурда Токтогул өрөөнүндө катуу жер титиреп, адамдардын өмүрү кыйылган.

2008-жылы баскетболчу балдарыбыз Тегеранга учуп бараткан самолет авария болуп, анда да мекендештерибизден айрылганбыз.

2016-жылы Москвада типографияда чыккан өрттөн 14 кызыбыз каза болуп, кабыргабыз кайышкан.

2017-жылы Дача-СУга самолет кулап, таттуу уйкуда жаткан мекендештерибиз оо дүйнө кете беришкен… Тилекке каршы, кырсык айттырбай келет экен.

Эми минтип бөтөн жерде 14 кыргызстандык жол кырсыгынын курмандыгы болду…
Айла жок, Алланын буйругу деп жазмышка моюн сунабыз. Албетте, пенде болгон соң, күнөөлүлөрдү издейбиз. Биринчи кезекте миграциянын коюу толкунуна салып бергендиги үчүн өлкө бийлигин ур тепкиге алабыз. Бирок, урматтуу боордоштор, кайсы эле бийлик өз жарандарынын өлүмүн кыйсын?! Ким эле жөн жай жарандарга ажал кааласын?!
Ошондуктан, адам өлүмүн ашкере саясатташтыргандан алыс болмок жакшы болот эле… Жакындарынан айрылган мекендештерибиздин ансыз да тилинип турган жүрөгүн эзе бербей…
Ар кимибиз өз колубуздан келишинче колдоп, таяп, көңүл айтып, Кудайга жага тургандай сүйлөп, амал кылалы, Куран окуйлу. Шейит кеткен туугандарыбыз бейиштен жай тапсын!
Жараткан баарыбызга сабыр берсин!
Мындай кырсыкты эч бир өлкөнүн, эч бир улуттун башына салбасын!» — деп жазган журналист Алтымышев.