Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Үмүт жана Ко” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдуллаев Ж.Т. УКМКнын тергөө абагына камалды.

Маалыматка ылайык, 20-августтагы соттун чечими менен Абдуллаев Ж.Т. 2022-жылдын 19-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды.

Эскерте кетсек, “Үмүт жана Ко” ЖЧКсынын тең ээси 1970-жылы туулган А.Ж.Т.нын үйүнөн курал-жарактар жана «БРДМ 2» (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы табылган.