Коом

Айыл чарба министрлиги өлкөдөн буудайды экспорттоого тыюу салууну пландоодо

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну пландоодо.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29-чу жана 47-беренелерине, “КР Министрлер кабинети жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Айыл чарба министирлиги Кыргызстандан сунушталган тизмеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле КР Министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) «Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууга долбоорду кароого киргизүүдө.

Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгарууга (экспорт) убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн

Товардын аталышы, ТЭИ ТН ЕАЭБ коду
1 Буудай жана меслин 1001

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button