2022-жылдын 22-августунда ички иштер министри Улан Ниязбеков республиканын аймагында жалпы коомдук тартипти сактоо, Эгемендүүлүк күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.


ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө ички иштер органдарынын негизги милдеттери – эл арасындагы туруктуулукту камсыздап, жарандардын тынч жашоосуна шарт түзүп берүү экенин баса белгиледи.
“Коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, коомчулуктун маселесин жеринде чечүү, санарип жаңы ыкмалар менен иш жүргүзүү, коомдук-саясий кырдаалга, чек ара жаңжалдарына, улуттар аралык кастыкка, эл арасындагы чагымчыл учурларга өз убагында бөгөт коюу жана социалдык тармактарда жана маалымат агенттиктерине коомдук тартипти сактоого байланыштуу маалыматтар чыккан кезде ыкчам жооп берүү керектигин белгилеймин. Ошондой эле ыкчам иш-чараларды тынымсыз алып баруу – бардык ички иштер органдарынын приоритеттүү багыттары болуп саналат. Эл менен иш алып баруу учурунда кандай гана маселе болбосун туура түшүндүрүү, карама-каршылыктарды жана абалдын чыңалуусун жараткан жагдайларды болтурбоо, маселелерди ыкчам чечүү, өлкөбүздөгү туруктуулукка, элдин тынч жана коопсуз жашоосуна шарт түзүп, ар түрдүү коркунучтарга бөгөт коюу – ички иштер органдарынын негизги милдети”,- деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.
31-августта “Эгемендүүлүк күнүнө” карата республикалык деңгээлде иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоого жалпы жонунан он миңге чукул кызматкер тартылат. Бул иш-чараларга байланыштуу, Ички иштер министрлигинин тиешелүү буйругу жана комплекстүү иш-мерчемдери бекитилип, ИИОнун бардык кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн коомдук тартипти сактоого даярдыктары жогорку деңгээлде уюштурулат. Онлайн кеңешменин жүрүшүндө ар бир иш-чара болуп өтүүчү аймактарда жергиликтүү жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу, жаш балдардын дайынсыз жоголуп кетүүсүнө бөгөт коюу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо боюнча конкреттүү иш-милдеттер белгиленип, тапшырмалар берилди.
“Элге ыкчам жана сапаттуу кызмат кылуу, жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, 29-августка чейин Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынан баштап, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө чейин “саптык кароолор” жүргүзүлүп, 30-августтан баштап, жалпы ички иштер органдары “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулуучу аймактарда, кызматтык милдеттер жогорку деңгээлде алып барылсын. Кызматкерлердин тартиби, жүктөлгөн милдеттерди так аткаруулары биринчи жетекчилер тарабынан колго алынсын. Элге жана чет элден келген конокторго сылык мамиле жасоо, уурулук, бейбаштык, өз ара урушууларга, коомдук эрежелерди бузууларга бөгөт коюлсун.
Андан тышкары, сентябрь айынын башында жалпы билим берүү мекемелеринде, орто мектептерде окуу жылы башталат. Жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Мектеп мугалимдери, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча социалдык бөлүмдөрү, жаштар уюмдары менен алдын ала чогуу иш-чараларды жүргүзүү үчүн “Биргелешкен иш-мерчем” түзүп, ким кайсы багыт боюнча иш алып барат деген конкреттүү кадамдар так белгиленип, натыйжалуу иштер аткарылсын. Санарип тутуму видео-камералар менен эле чектелип калбайт. Бардык кызматтар, башкармалыктар, окуу жайлар, өз алдынча бөлүктөр санарип тутуму менен иштөөгө милдеттүү”,-деп тапшырмаларды берди ИИМдин башчысы.
Онлайн кеңешменин жүрүшүндө Улан Ниязбеков санариптештирүү маселесине да көңүл буруу, анын сапатын жогорулатуу керектигин баса белгилеп, тез арада технологиянын өнүгүшүнүн аркасында эксперттик-криминалистикалык тармактарды күчөтүү максатында “Санарип криминалистика” , “Эксперттик ыкчам IT борбору” жана Күзөт кызматына байланыштуу мобилдүү топтордогу экипаждарды планшеттер менен камсыздоо, кайтаруудагы объектилерге видео-камераларды орнотуу, борборлоштурулган координациялоо тутумун түзүү багыттарын камтыган “Ыкчам күзөт” аталыштардагы атайын багытта санариптештирилген программа иштеп чыгууга тапшырма берди.
“Ошондой эле ар бир кызматкердин функционалдык милдетине жараша аткарган электрондук ишмердигинен баштап, жалпы ыкчам-кызматтык ишмердикте кеңири колдонулушу керек. Заманбап санарип талаптардын баарын аткарып, Ички иштер министрлигинен баштап, айылдык милиция бөлүмдөрүнө чейин “Санарип жибек жолун” түзгөндө гана бул багытта жыйынтыкка келдик деп эсептөөгө болот. Анткени, дүйнөлүк практика болобу, эл аралык маанидеги ишмердик болобу — бул тутум эң биринчи орунда турган маселе экендигин белгилеймин. Ошондуктан, элдин ишенимин мындан дагы жогорулатуу үчүн, арыз менен кайрылган жарандарга жана өз милдеттерин аткарып жүргөн кызматкерлерге шарттарды түзүү, коомдук коопсуздукту үлгүлтүксүз камсыздоо, жол коопсуздугун жогорку деңгээлде сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу чараларын тынымсыз жүргүзүү, белгиленген аймактарга видео-камераларды орнотуп, санарип иштерин күчөтүү, мамлекеттик органдар, жарандык коом жана эл менен тыгыз иш алып барууну күчөтүү керек.
Ички иштер органдарында ыкчам, мобилдүү, өзүнүн билим деңгээлин замандын талабына жараша өнүктүрө алган кызматкерлерди тарбиялап, келечекке карай жогорку максаттарды калыптандыруу — ар бир жетекчинин түздөн-түз милдети болуп саналат. Улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү технология, экономика жана илим дүйнөсүндөгү жаңы талаптарга шайкеш келген ишмердикти түзүп, андан ары чыңдоо ички иштер органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин билдирем. Өлкөбүздүн кайсы жеринде болбосун биздин жергиликтүү жана чет элден келген жарандар өздөрүн коопсуз сезип, тынчсыздануусу жок жашоосун камсыздап берүүгө карата күнү-түнү иш алып барылышы керек. Жардам сурап кайрылган карапайым калктын арыз-даттанууларын калыс карап, сотко чейинки өндүрүш стадиясында шалаакылыкты эмес, кыраакылыкты көрсөтүп, мыйзамдуулукту камсыз кылууну талап кылам,- деп баса белгиледи Улан Ниязбеков онлайн кеңешмени жыйынтыктап жатып.
Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы