Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин директору болуп дайындалды. Маалыматтык «Кабар» агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты.

Билдирүүдө айтылгандай, тиешелүү буйрукка саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.

Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылган.