Коом

УКМК: Ж.Абдуллаевдин («Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси) үйүнөн 822 млн сом табылды. Cүрөт

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт и Кo» ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:
1) 7,354,475 АКШ доллары;
2) 209,164,100 сом;
3) 100,960 евро
4) 1,055,900 рубль;
5) 155 дирхам.


Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.
Маалыматтарга караганда, учурда «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын КР салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон.
Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button