Учурда Россиядагы мекендештердин “регистрация” маселесин кеп кылгандар көп. Чындыгында регистрация бул орус бийлигинин бардык эмгектенип жүргөн чет элдик, анын ичинде Казакстан, Беларусь жана Армениянын жарандарына карата талаптарынын бири эле. Ал эми кыргызстандыктар үчүн бир катар артыкчылыктар да каралганын белгилегибиз келет.

Бул жеңилдиктер (преференциялар) Биримдик тууралуу келишимде жана анын жоболорунда ЕАЭБге мүчө өлкө жарандарында Биримдиктин ичинде эмгектенүү үчүн эркин жылып жүрүү каралып, ал укугун мекендештерибиз активдүү пайдаланып келет.

— Алсак, кыргызстандыктар үчүн жумушка уруксаат (патент) талап кылынбайт. Ал талап ЕАЭБге кирбеген чет элдиктерге. Мисалы, патент баасы ар кайсыл жакта ар кыл. Москвада алты миң рубльга чукул;

— ЕАЭБ өлкөсүнө барганда, мисалы Россияга 30 күнгө чейин миграциялык каттоого туруудан бошотулат. Мисалы башка мамлекеттер үчүн бул мөөнөт 7 күнгө чейин, коңшу Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары үчүн 15 күн;

— ЕАЭБ өлкөсүндө жүрүү мөөнөтү эмгек келишиминин мөөнөтү менен аныкталат;

— РФ мыйзамдарын жана тарыхын, орус тилин билүүсү боюнча сынактан бошотулган. Ал эми башка өлкө жарандары патент алыш үчүн экзамендерден өтүшөт;

— Билими тууралуу документтерибиз таанылат;

— Балдар мектеп жана бала бакчага барууга укуктуу.

Ички эмгек рыногун коргоого багытталган улуттук мыйзамдарын биздин мекендештерге тиешеси жок. Мисалы, башка өлкө жарандарына такси чөйрөсүндө иштөөсүнө чектөө киргизилген. Кыргызстандыктарга анын тиешеси жок.

КР жарандары үчүн социалдык камсыздандыруу Россиянын жарандарына кандай шартта болсо, так ошондой сунушталат.

Булар:

— милдетүү медициналык камсыздандыруу;

— эмгекке убактылуу жарамсыз болгон учурга милдеттүү камсыздандыруу;

— эне болгонуна байланыштуу, медициналык тез жардам акысыз көрсөтүлөт.

Эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын кирешесине ошол эмгектенип жүргөн өлкө жарандарыныкындай эле салык салынат. Мисалы, РФда чет элдик жарандар үчүн биринчи жарым жыл 30% чен менен салык салынат.

Ал эми Биримдиктин жарандары үчүн, анын ичинде кыргызстандыктарга да бул салык 13%.

Мекендештерибиз жана алардын үй бүлө мүчөлөрү өз мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу, менчигин коргоо укуктарына ээ. Кыргызстандыктар профсоюздарга кире алат.