Эртең, 22-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдердин август конференциясы өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, конференция “Мезгил чакырыгы – жаңы мүмкүнчүлүктөр!” девизи алдында өтөт.

Август конференциясынын “Коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн шарттары катары билим берүүнүн экосистемасы, жарандык иденттүүлүк жана зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо” темасында пленардык жыйыны болот.

Пленардык кеңешмеде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун билим берүү жана көндүмдөр боюнча департаментинин жетекчиси Андреас Шлейхер сөз сүйлөйт.

Конференцияга билим берүү тармагынын окумуштуулары жана практиктери катышат.

Белгилей кетсек, мугалимдер үчүн бул окуу жылынын алдындагы негизги иш-чара болуп саналат. Иш-чарага педагогдор, ректорлор жана билим берүүнүн кызматкерлери чогулат.