Бүгүн, 23-августта Кыргызстандагы мечиттерде Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгында каза болгон 14 мекендешибизге багышталып куран окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, муфтий Замир кары Ракиев 13:30да Бишкектеги эски борбордук мечитте дин кызматкерлери тарабынан окулган хатм куранды маркумдарга багыштап дуба кылмакчы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-августта Кыргызстан аза күтүүдө. Улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:40та каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келинет.