Коом

Пакистанда селден каза болгондордун саны 820га жетти

Пакистанда июнь айынын ортосунан бери болгон суу ташкынынан кеминде 820 адам каза болуп, 1315 киши жарадар болду, деп билдирет Улуттук табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы.

Селден жабыркагандардын арасында 304 бала бар. 2,9 миңге жакын жол, 72 миңден ашык үй жана 129 көпүрө талкаланып, 500 миңден ашык мал өлгөн. Куткаруу иштери уланууда.

Синоптиктердин маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын мындан ары да жаашы күтүлөт.

Пакистанда жааган муссон жамгырлары өлкө боюнча сел жана жер көчкүлөргө алып келди. Суу ташкындын оор абалына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бийлик БУУ жана башка эл аралык уюмдардан тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүнү суранууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button