Кичинекей кыргызстандык Аруузат Ташматова дүйнөдөгү эң кымбат дары «Золгенсманы» алды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына кыздын ата-энеси жазышты.

«Ооба. Акыры бүттү. Аруузат көптөн күткөн Золгенсма дарысын алды. Дагы деле ишене албай, колдорум титиреп күттүк. Ушул күнгө жеткенибизге Жаратканга миң мертебе шүгүр. Кызыбыздын өмүрүн сактап калганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бизге азыр оюбузду айтуу кыйын, акырындан баарын сөзсүз айтабыз», — деп жазган ал.

Эске салсак, Аруузат биринчи типтеги жүлүн булчуңдарынын атрофиясы менен жабыркайт. Ага дүйнөдөгү эң кымбат дары катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген «Zolgensma» керек болчу. Анын баасы 2 млн 382 миң 200 доллар, сом менен 195 млн. Дарыны сатып алуу үчүн каражат чогултуу 2022-жылдын март айында жабылган.