Коом

«Айыл банк» айыл чарба техникаларын лизингге берүүдө. Алуунун жолдору

Айыл чарба министрлиги «Айыл банк» ААК аркылуу айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү улантууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айылдык товар өндүрүүчүлөргө дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шартта жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берилүүдө.

«Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 7 млрд 862,3 млн сомго 4 миң 299 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2021-жылы 1 млрд 677,3 млн сомго 524 техника берилсе, ал эми быйыл жыл башынан бери 536,6 млн сомго 229 даана техника берилди», — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин кабыл алган чечимдерине ылайык, техникаларды лизингке берүү шарттары төмөндөгүдөй болуп бекитилген:

– лизинг мөөнөтү – 7 – 10 жыл;

– үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша: жылдык 6, 7, 9 пайызга барабар;

– лизинг алуучунун алгачкы өздүк салымы лизингге берилген техниканын – 10% дан кем эмес бөлүгүнө барабар;

– күрөө – эгерде лизинг алуучу тарабынан алгачкы өздүк салым катары лизинг затынын 20% же андан жогору бөлүгүн төлөгөн учурда күрөө катары лизинг техникасы каралат, өздүк салым 20% кем төлөнсө кошумча күрөө катары айырмасына мүлк талап кылынат;

– техниканы камсыздандыруу лизинг алуучунун макулдугу менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;

– лизинг операциялары сом менен жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, жогорудагы долбоорлордун бардыгына КР министрлер кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААКму оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button