Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Баатырова Гүлнара Маришовна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.