Үстүбүздөгү жылдын башында күч алган Орусия менен Украина өлкөлөрүнүн ортосундагы чыр дүйнө жүзүнө анын ичине Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койгон жок.
Дүйнө эли бир заматта эки жээкке бөлүнүп, бири Орусия тарапты колдосо, экинчиси Украина тараптык бөлүп тең экиге бөлүндү.
Албетте, кайсы тарапты колдоо ар бир жарандын, мамлекеттин өз эрки эмеспи. Ошентсе да ар бир адам кайсы бир пикирин билдирүүнүн алдында, кайсы мамлекетте жашап, ал мамлекеттин кайсы өлкө менен дипломатиялык алакасы, багыты кандай, дегеле мен өз пикирим менен башка бирөөлөргө зыяным тийип калбайбы деп бир ойлонушу керек го.
Айтайын дегенибиз Орусия–Украина чыры чыккандан бери айрым адамдар баардык күчүн алыскы Украинадагы болуп жаткан окуяларды кыргызстандыктар үчүн бурмалап берүүнү, кыргыздарды Орусияны жек көрсөтүүгө багытталган, кыргыз коомуна бүлүк салуу, керек болсо граждандык согушту тутандырууга кылган аракеттери жүргүзүлүп жатканы айдан ачык көрүнүп калды.
Буга мисал: өзүн эркин журналисттер атаган жарандык активисттер Адиль Турдукулов жана Булат Сатаркуловдун Украина жергесине барып, ал жактагы Орусияга каршы иш-аракеттерин жүргүзүп жүргөн жарандар менен жолугуп, ал ортодо өзүн укук коргоочулар атаган (а чынында Казакстанда шылуундук менен алектенип, бир нече ирээт соттолуп, аягында изин жашырып Украинада качып жүргөн) адамдардан интервью алып келгени мисал.
Турдукулов мындай кадамын: «Агрессордун Украинага карата кылган иш-аракеттерин өз көзүм менен көрүп келүүнү чечтим», деген.
Ошол эле убакытта ал: «Украинага болгон иш-сапарын ким каржылаганын ачык айтпай: «Акчаны өз чөнтөгүмдөн жана мени колдогон уюмдардан алып жатам», деп кайсы уюмдар экенин айтуудан баш тарткан.
Бирок, ачык маалыматтарга таянсак, Адиль Турдукуловго каражат батышчыл «Медиа Диалог», «Сорос Кыргызстан» фонду тарабынан байма-бай бөлүнүп келгени айтылат.
Демек, Адиль Турдукулов өзү айткандай, «Чындыктын булагын» издейм деп барган иш-аракетинин артында Орусияны каралоого багытталган кимдир бирөөнүн буйругун аткаруу турат.
Бул буйрук репортаждар сериясы менен гана чектелип калбай, Кыргызстан аймагында русофобиялык митингдерди, нааразычылык акцияларын өткөрүү менен да уланып келет.
Митинг уюштуруучулардын талаптарына көз салсак: «Кыргызстан Орусия менен баардык мамилени токтотушу керек!», «Кыргызстандык мигранттар Орусиядан чыгып кетиши керек!» ж.б.у.с талаптар коюлган.
Мындай провакациялык чакырыктар менен Адиль Турдукулов эмнени көздөп жатат?
Орусияда иштеп бутуна туруп, үй-бүлөсүн багам деген миллиондогон кыргыз боордошторубуздун акыбалын оорлоштурууну максат кылганбы ?
Мынча мигрант бир убакытта мекенине кайтса, албетте пандемиянын, ошондой дүйнө жүзүндө болуп жаткан кризистен улам элди кыйнаган кымбатчылыктан алсырай түшкөн экономикабыз мекендештерибиздин мындай агымына туруштук бере албай, коомдо чыңалуу жаралбайт деп ким кепилдик берет?
Андан тышкары, илгери атам замандан бери Кыргызстан менен Орусияны байланыштырып турган дипломатиялык алакалар бир заматта Турдукуловдун жана анын батышчыл тарапташтарынын бир сөзү менен токтоп, Кыргызстан багытын АКШга карай бурушу керекпи?
Батышты колдойм деп мамлекетинин бүтүндүгүн, элинин тынч жашоосун бузган Украина бийлигинин аянычтуу тагдырынын сценарий биздин мамлекетте да кайталансын дегениби?
Адиль Турдукулов жана анын тарапташтары ушул ураандарды кыйкырып чыгаардан мурун мындай тобокелчиликтерди ойлонушту бекен? Же батыштын гранттарын алып, Кыргызстан эмне болсо ошол болсун, чөнтөгүмдү кампайтып эртен чет өлкөгө кетип, өзүм тынч жашасам болду» деген принцип менен жашайбы?
Адиль Турдукулов мына ушундай ойлор менен жашаган болсо, эл алдына чыгып, өзүн Кыргызстанга күйгөн патриот катары көрсөтпөй эле азыр эле түйүнчөгүн түйүп кете берсе, ошондо Кыргызстанга көбүрөөк пайда алып келген болоор эле.