Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Россия Федерациясындагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов билдирди.

«Мамлекет башчысы боордош Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн жеткирип коюуну жана жараат алгандардын тез сакайып кетишин каалады», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстан бүгүн автокырсыкка байланыштуу аза күтүүдө.