Кечээ, 22-августта Бишкекте “Электр станциялар” ААКсы менен казакстандык Orient Trade Investment компаниясынын ортосунда Кыргызстанда Казарман ГЭС каскадын куруу боюнча меморандумга кол коюу аземи өттү.

Тараптар казакстандык компания төрт ГЭСтен турган (Алабуга ГЭСи, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭСи) Казарман ГЭС каскадын курууну баштай турганын макулдашты.

Казарман ГЭС каскадын 5-6 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Каскаддын жалпы кубаттуулугу 1160 МВт болуп, курулуш иштеринин сметалык баасы 1 млрд долларды түзөт.