Саясат

Облустук телеканалдардын баары УТРКнын карамагына өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаров КРнын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар жөнүндө (2022-жылдын 3-августунда ПЖ № 270) жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, мамлекеттик башка телерадиоберүү түзүмдөрүнүн өлкөнүн жарандарынын объективдүү жана ар тараптуу маалыматка болгон муктаждыктарын мындан ары канааттандыруу боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 73 тескемеси менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары — УТРК) ишин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун сунуштары кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен «Республикалык радиотелеборбор» мамлекеттик ишканасын бириктирүү жолу менен бардык укуктарын жана милдеттерин УТРКга өткөрүү менен аларды кайра уюштурсун;

2) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүнөн УТРКнын карамагына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:

— облустук телерадиокомпанияларды тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен;

— А.Джумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрине бекитилип берилген чоң концерттик студияны;

3) төмөнкүлөр үчүн кошумча каржылоону бөлүүнү камсыз кылсын:

— УТРКнын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу;

— УТРКны өнүктүрүү;

— деталдуу техникалык аудиттин негизинде УТРКны техникалык модернизациялоо.

3. УТРКнын башкы директору:

1) УТРКнын жаңы уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;

2) техникалык модернизациялоону негиздөө үчүн техникалык аудит жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана УТРКнын башкы директору ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button