Россиянын Ульяновск облусунда 16 адамдын, анын ичинде 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон. Бул тууралуу Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русскихке шилтеме берүү менен россиялык ЖМКлар жазышты.

Маалыматка карганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калган. Губернатор белгилегендей, фуранын айдоочусу жол кырсыгы болгонго чейин каза болгон.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстанда бүгүн автокырсыкка байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыяланды.Ал эми, Бишкек убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгү Ош аэропортуна алынып келери күтүлүүдө.