Кылмыш-кырсык

Каракчылык жасоого аракет кылган жарандар кармалды

2022-жылдын 3-август күнү таңкы саат 04:30 чамасында Баткен шаарынын 35 жаштагы М.Т. аттуу тургунунун үйүнө жашыруун түрдө белгисиз эки жаран кирип, үйдүн бөлмөсүндө сакталып турган темирден жасалган сейфти ачууга жана ичинде сакталып турган 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акчасын уурдаганга аракет жасап, темирден жасалган сейфтин эшигин ача албай, аны сыртка алып чыгып жаткан жеринен үйдө уктап жаткан М.Тнын атасы К.С. алардын кыймылынан ойгонуп кетип, уурулук жасап жаткан белгисиз жарандардын көрүп калган учурунда белгисиз жарандардын бирөөсү С.Кнын мойун тарабынан муунтканга аракет жасап, С.К. ага каршылык көрсөткөн учурда белгисиз жарандар үйдүн ичинен изин жашырып, белгисиз тарапка качып кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Баткен ОИИБнын жана Баткен ШИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. 2022-жылдын 19-августунда Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 43 жаштагы тургуну Э. Ж. жана Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунун тургуну 45 жаштагы Д. А. шектүү катарында кармалып, Баткен РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button