«Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинети «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүнө тийиштүү төмөнкүлөрдү маалымдайт:

«Бүгүн «Кумтөр» кенин иштеткен ишкананын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болду.

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталды.

Буга байланыштуу, «Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды.

Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет.

Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат».