Россиянын Ульяновск облусунда ири жол кырсыгында набыт болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Ош шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, каражат президенттин фондунан бөлүнөт.

“Жабыркаган үч мекендешибизге дагы 300 миң сомдон берилет. Каза тапкан 14 жарандын сөөгү Ош шаарына келди. Набыт болгондордун төртөө Жалал-Абад облусуна, бешөө Баткен облусуна, бешөө Ош облусунун жер-жерлерине жеткирилет”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Ош шаарынын аэропортуна саат 18:00дөр чамасында Россиядагы жол кырсыгында каза болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү салынган учак учуп келди.

Кыргызстан 23-августта автокырсыкка байланыштуу аза күтүүдө.