Коом

Айыл чарба министрлиги дыйкандар үчүн WhatsApp номерин ишке киргизди

Айыл чарба министрлиги дыйкан, фермерлердин суроолоруна ыкчам жооп берүү үчүн WhatsApp номерин ишке киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Билдиргө караганда, көрсөтүлгөн номерге суроолордон сырткары сунуш-пикирлерди дагы жиберүүгө болот. Билдирүүлөрдү +996 507 94 73 75 номери аркылуу иш күндөрү саат 18:00гө чейин жазуу зарыл.

«Акыркы мезгилдерде айыл чарбасына байланышкан суроолор көп болуп жатат. Ошондуктан дыйкандарыбыз менен министрликтин ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн ыкчам байланыш түзүп жатабыз. Биз суроолоруңуздарга тез арада жооп берүүгө даярбыз», — деди айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

Кайрылган жарандар конкреттүү маселе тууралуу так, даана айтып, астына аты-жөнүн жазып жөнөтүшү керектиги айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button