Коом

Ош шаарында директорлорду тандоо сынагында 14 талапкер тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү

Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаары боюнча тестке катышууга 72 адам документ жиберип, андан 31 талапкер документтердин толук эмес пакетин тапшырган. Мындан сырткары 3 адам сынактын экинчи этабына келген эмес.

Жыйынтыгында, компьютердик тестирлөөгө 31 талапкер катышып, анын 14ү босого балл 60 пайыз жана андан жогору упай топтоду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button