Спорт

Чуңкурчакта 20дан ашуун өлкөнүн жаачылары катышкан мелдеш өтөт

Чуңкурчак жайлоосунда 20дан ашуун өлкөнүн жаачылары катышкан эл аралык мелдеш өтөт. Бул туурасында Салбуурун федерациясынан билдиришти.

Аталган турнир Байтик баатырдын 220 жылдыгына, эгемендүүлүк күнүнө карата Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы менен биргеликте уюштурулууда. Жаачылардын эл аралык мелдеши былтыр алгач ирет өтүп, 12 мамлекеттен келишкен. Ал эми быйыл Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Россия, Венгрия, АКШ, Германия, Франция, Испания жана Индонезия сыяктуу мамлекеттерден 120 жаачы катышары күтүлүүдө. Алар эркектер, кыз-келиндер категорияларына бөлүнүп, жөө жана ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдешет.

Турнирдин ачылыш аземи 29-августта саат 12:00дө башталып, жаачылар параддан улуттук кийимчен өтүшөт. Финалдык оюндар 31-августка белгиленген.

Ошондой эле бүркүт салуу, куш салуу жана тайган жарыш оюндары менен коштолот.

Салбуурун федерациясы кыргызстандыктарды жана башка конокторду жагымдуу атмосферада эс алып кетүүгө чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button