Россиянын Ульянов облусундагы жол кырсыгынан каза болгон Жалал-Абад облусунун төрт тургунунун сөөгү алып келинип, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Каза болгондордун бири Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Жыгач-Коргон айынын тургуну Азиз Каныбек уулунун сөөгү туугандарына өткөрүп берилди. Облус башчысы маркумдун жакындарына көңүл айтып, кайрат тиледи. Мындан сырткары каза болгондордун жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү президент жеке көзөмөлүнө алганын белгилеп, өлкө башчысынын фондунан 300 миң сом, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан берилген 50 миң сом акчалай жардамы тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.