Коом

Каныбек Осмоналиев: «Эгемендүүлүк башаты эне тил үчүн күрөштөн башталган»

Эгемендүүлүк майрамын утурлай, ага удаа эле кирип келген мамлекеттик тил күнүнө карата бир айлык өткөрүлүп жатканын  Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев коомчулукка кайрылуусунда билдирди.

«Ардактуу мекендештер!

Тил – Эгемендүүлүктүн символу! Тил – элдүүлүктүн башаты, иденттүүлүктүн өзөгү. Эгемендүүлүк башаты эне тил үчүн күрөштөн башталган. Анын жыйынтыгы менен 1989-жылы кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун алууга жетишкенбиз. Андан бери далай суу акты, жашоонун өйдө-төмөнүн баштан кечирүү менен өлкөбүз өз алдынча келечекке кадам таштап келатат.

Албетте бир топ иштер аткарылды,  а бирок аткарыла элеги андан көп. Кыргыз жараны катары, ошондой эле Улуттук комиссиянын төрагасы катары кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, келечеги мени ойлондурбай, тынчсыздандырбай койбойт. Ага бир топ негиздер бар экенин менден жакшы билесиздер.

Мен сиздерди Эгемендүүлүк майрамын утурлай, ага удаа эле кирип келген мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлүп жаткан бир айлыкка кызуу катышып берүүгө чакырам.

Келгиле, ар бирибиз – ким болбойлу, кайсы улуттун же кайсы кесиптин ээси болбойлу, кайда жүрбөйлү  ар кимибиз өз тармагыбызда мамлекеттик тил – кыргыз тилинин өнүгүшүнө колубуздан келген салымыбызды кошолу. Көп түкүрсө көл болот. Ар бирибиз өз алдынча ойлонолу, изденели. Ата-бабалардан аманат калтырылган улуу мурасыбызды сактап, келечек муунга татыктуу калтыралы!

Бир айлык – бул бир ай ичинде аткарылып, ошону менен токтоп калчу иш чара эмес, ал мындан аркы аткарылуучу иштердин багыты, башаты деп түшүнүңүздөр. Мамлекетибиздин жетекчилиги бүгүнкү күндө тил маселесин – күндүн эң актуалдуу маселелеринин катарына коюп, колдоого алууда. Жакында бул багытта Президенттин Жарлыгы, Конституциялык Мыйзамдар кабыл алынары күтүлүүдө.

Бирок, жалгыз дарак токой болбойт. Сиздер, жалпы калайык колдоого алмайын тилибиз өнүкпөйт. Мамлекет мага эмне кылып койду дебестен, мен мамлекетке эмне жасадым деген суроону ар бирибиз өзүбүзгө берели. Тилдин өнүгүшүнө, сакталышына, өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз, бул өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыз!

Биз Сиздердин сунуш-пикирлериңиздерди күтөбүз жана өлкөбүздүн жараны катары өз салымыңыздарды кошот деген терең ишеничтебиз!», — деп айтылат кайрылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button