Саясат

Алмаз Барыктабасов «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды.

Ал белгилегендей, компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

««Кумтөр» Кыргызстандын элине иштеши керек. Биз ишкананын менеджментинен эффективдүү жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек. Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоосу тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек. Иште эч кандай кемчиликтер болбошу керек. Министрлер Кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарыңызды тапшырыңыз. Ошол эле учурда 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Ошону менен катар, өкмөт башчысы компаниянын жаңы жетекчилиги менен кызматкерлерине ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button